Кыргызстан менен Омандын футбол боюнча улуттук курамаларынын беттешини аяктады.
Эсеп 1:1, оюн Кыргызстан жана Оман курамаларынын тең чыгуусу менен аяктады.
Беттештин 19-мүнөтүндө кыргыз курамасынын футболчусу Элдияр Зарыпбеков атаадаштын дарбазасына гол киргизип, эсепти ачкан. Ал эми оюндун экинчи бөлүгүндө омандыктар эсепти теңеди.
Оюндун жыйынтыгында Кыргызстандын улуттук курамасы 2027 Азия кубогуна жолдомо жана тарыхта биринчи жолу дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раундуна чыкты.
Жыйынтыктоочу турнирдик жадыбалда Кыргызстандын курамасы 11 упай менен экинчи орунду ээледи.
Мелдеш Омандын Маскат шаарындагы “Султан Кабус” спорт комплексинде өттү.
Белгилей кетсек, футбол боюнча улуттук курамалар 2026-жылкы дүйнө чемпионаты жана 2027-жылкы Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын экинчи раундунун жыйынтыктоочу турунун алкагында оюн өттү.