• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Кыргызстан–Оман беттешин түз алып берүү үчүн «Ынтымак» паркында фанзона уюштурулат

11 Кулжа 2024 15:07 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-июнда Кыргызстан менен Омандын футбол боюнча улуттук курамалары кез келет. Оюндун түз эфири “Ак шумкарлардын” күйөрмандарына Бишкектеги «Ынтымак» паркында уюштурулган фанзонада көрсөтүлөт.

Беттеш Омандын Маскат шаарындагы “Султан Кабус” спорт комплексинде саат 22:00 старт алат.

Оюндун түз алып берүүсү Кыргыз Спорт ТВ жана УТРК Спорт каналдарында да жеткиликтүү болот.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын улуттук курамасы 2026-жылкы Дүйнө чемпионаты жана 2027-жылкы Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын экинчи раундунун жыйынтыктоочу туру алкагында Оманга каршы ойнойт.

Аталган квалификациялык оюндар үчүн чүчүкулактын жыйынтыгында 4 командадан турган 9 тайпа түзүлгөн. Кыргызстан, Оман, Малайзия жана кытайлык Тайбэй курамалары «D» тайпасында жайгашкан.

Квалификациянын экинчи раундунун жыйынтыгында ар бир тайпадан эң мыкты эки курама 2027-жылкы Азия кубогуна жолдомо алып, 2026-жылкы Дүйнө чемпионатына болгон жолдомого күрөшүн улантат.

Количество просмотров: 68