• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Кыргызстан — Ооганстан оюнун көрүүгө кайсы аткаминерлер келди?

10 Кулжа 2023 21:06 Бишкек Govori.TV

 Бүгүн, 10-июнда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Ооганстан командасы менен  беттеш өткөрүүдө.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондогу беттешке президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана башка өкмөт мүчөлөрү келип, оюнга күйөрмандык кылууда.

CAFA Nations Cup 2023 эл аралык чемпионаты биринчи жолу улуттук команданын деңгээлинде 11-июндан 20-июнга чейин өткөрүлөт.

Кыргызстандын курамасы тайпалык баскычта Афганстандын жана Ирандын курамалары менен ойнойт.

Ушул эле убакта Ташкентте Өзбекстан, Оман, Тажикстан жана Түркмөнстан курама командаларынын оюндары өтөт. Топтун жеңүүчүлөрү 20-июнда Ташкенттеги финалда жолугушат.

Количество просмотров: 162