• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Кыргызстан-Палестина беттеши, эсеп 2:2

11 Кулжа 201921:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.06.2019.Govori.TV.

Бүгүн, Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан-Палестина беттеши жүрүп жатат. Аталган оюнга Кыргыз курамасынын күйөрмандары көп келип, оюн талаа сүрөөн-кыйкырык менен коштолууда. Бүгүнкү беттешке казакстандык калыстар көз салып, Кыргыз курамасы ак, Палестина курамасы кызыл форма менен ойнойт. «Ак шумкарлардын» алгачкы голун Турсунали Рустамов башы менен сүзүп киргизип, 1-бөлүк 1:0 эсебинде жыйынтыкталды.

Экинчи бөлүктө кайрадан баш менен узатылган сокку орун алып, Бекжан Сагынбаев эсепти 2:0 кылды.

Көп узабай атаандаштар гол киргизип эсеп 2:1 болду.

Экинчи тайдын аягында Палестина курамасы эсепти теңегенге жетишип, оюнга кошумча 4 мүнөт кошулду.

Количество просмотров: 13