• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

«Кыргызстан сулуусу — 2019» сынагынын жеңүүчүсү аныкталды

13 Тогуздун айы 201910:37 Бишкек Govori.TV

12-октябрда Бишкек шаарында «Кыргызстан сулуусу — 2019» сынагынын финалы өттү. Жыйынтыгында өлкөдө эң сулуу кыз аныкталып, таажы тагынды. Жеңүүчү — 21 жаштагы Айжан Чаначева.

Кыргызстандын сулуусу учурда Кыргыз улуттук университетинин студенти. Англис, испан, түрк тилдеринде сүйлөйт.Ал эми жеңүүчү кызга тагылган таажы күмүш, алтын жана кызыл түстөгү таштан жасалган. Таажынын болжолдуу баасы — 5 миң доллар.

Жарым финалдагы 30 катышуучунун арасынан 17 кыз финалга чыккан. Алардын ичинен эң улуусу 24 жашта болсо, кичүүсү 16 жашта.

Количество просмотров: 77