• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Кыргызстан Түркияга дагы 100 куткаруучу жөнөтөт

9 Бирдин айы 2023 16:29 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан издөө-куткаруу иштери үчүн Түркияга дагы 100 куткаруучу жөнөтөт. Бул тууралу бүгүн, 9-февралда парламент жыйынында президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов билдирди.

Маалыматка караганда, алар Түркияга 12-февралда учуп кетишет.

«Куткаруу иштерине аттестациядан өткөн гана куткаруучулар катыша алат. Бүгүнкү күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 67 куткаруучусу боордош Түркия өлкөсүндө иштеп жатат. Жекшемби күнү дагы 100 куткаруучубуз атайын борт менен учууга даярдык көрүүдө», — деди ал.

Количество просмотров: 161