Кыргызстан менен Тажикстандын курамалары 1:1 эсебинде тең чыкты.
2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында өткөн беттеште алгачкы голду тажик футболчусу Жахонгир Эргашев 16-мүнөттө киргизди. 83-мүнөттө Кыргызстандын коргоочусу Тамирлан Козубаев эсепти теңеди.
Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Эки команда тең 2022-жылы боло турчу Дүйнө чемпионатынын тандоо турларынын алкагында F тайпасындагы экинчи ордун сактап калуу үчүн ат салышты.
Бул оюндан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын командалары бирдей балл алып, 7ден упай топтоду. Тайпалык рейтингде мурдагыдай эле япон оюнчулары 12 упай менен алдыда.