• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Кыргызстан – Өзбекстан жолдоштук беттеши эфирден көрсөтүлбөйт

5 Жетинин айы 201916:24 Бишкек Govori.TV

Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы менен Өзбекстандын командасынын ортосундагы жолдоштук беттеш телеканалдардан жана интернет тармагында чагылдырбайт. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Мындай чечим Өзбекстан командасынын машыктыруучусу Вадим Абрамовдун суранычы менен болгону айтылды. 14-ноябрда Өзбекстан курама командасы өз талаасында Сауд Арабия менен беттешет. Ал башкы каршылашы болгон Сауд Аравиянын футбол жамааты Өзбекстандын футболдук ыкмасын көрүп-билүүсүн каалаган эмес.

Кошумчалай кетсек, оюн 9-ноябрда Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.

Количество просмотров: 104