• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстан Жапониядан вакцина сурады

25 Кулжа 2021 16:03 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрөгасынын орун басары Жылдыз Бакашова Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Шигеки Маэда менен жолугуп, коронавируска каршы вакцина берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү. Ал Кыргызстанга 1,1 миллион доза вакцина жана муздаткычтар зарыл болуп жатканын белгиледи.

“Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны өтө аз болуп жатат. Ушул мезгилде жапон өкмөтү бизге колдоо көрсөтүп, пандемиянын кесепетин жоюуга көмөктөшөт деп ишенебиз”, — деди Бакашова.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жогушуунун жыйынтыгында элчи калкты эмдөө маанилүү экенине токтолгон. Бирок вакцина маселеси кандай чечилгени тууралуу маалымат айтылган жок.

Ушул күндөрү Кыргызстанда коронавируска каршы 100 миң киши эмделди. Бийлик калкты эмдөө өнөктүгүнө кытайдын жана орусиянын вакциналарын колдонуп жатат.

Количество просмотров: 176