• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргызстан жыл башынан бери 268 тонна айыл чарба продукцияларын экспортко чыгарды

15 Теке 2021 17:32 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын беш айында Кыргыз Республикасы 7 миллиард 487 миллион 596 миң сомго жалпы көлөмү 268 миң 727 тоннаны түзгөн айыл чарба продукцияларын экспортко чыгарды. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ушул көлөмдөн:

— өсүмдүк өстүрүү: 123 миң 403,7 тоннаны түзүп, 3 млрд 999 млн 645 миң сомду түздү;

— мал чарба продукциясы 18 миң 383,5 тонна 2 млрд 780 млн 961,5 миң сом түздү;

— тамак-аш кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясы көлөмү 8 миң 269 тоннаны түздү, акчалай 1 миллиард 676 миллион 989,5 миң сом.

«Биринчи жарым жылдыкта Россияга жана Казакстанга кайра иштетилген жашылча азыктарын экспорттоо көбөйгөн», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 116