Кыргызстанда 11-ноябрдан тарта жалпысынан 1 миң 489 жалпы билим берүү мекемелери окууларын жандантат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, мектепке 1-6-класстардын жана 9-класс менен 11-класстын окуучулары барып окуйт.
«Эки жума аралыганда офлайн режимде окуй баштаган мектептер толук козөмөлгө алынып, байкоо кылынат. Мониторингдин жыйынтыгына жараша башка да класстарды мектепке чыгарып окутуу чечими кабыл алынат», — деп айтылат маалыматта.
Министрликтин маалыматына караганда, Бишкекте жана Ошто эпидемиологиялык абал оор болуп тургандыктан Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб жана Саламаттык сактоо министрлиги бул эки шаарда мектептерди ачылышына азырынча уруксат берише элек.