• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстанда 15тей партия “Үмүт” саясий кыймылына бирикти

28 Тогуздун айы 2020 15:22 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бир нече саясий партиялар «Үмүт» аттуу кыймылга биригип, бийликке бир нече талаптарын айтышты. Алар бүгүн маалымат жыйын уюштурушуп, шайлоого байланыштуу мыйзамдарга киргизилген жаңы өзгөртүүлөргө президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров кол коюп, шайлоону калыс өткөрүп бериши керек экенин белгилешти.

Алар ошондой эле Баш мыйзамды шашылыш реформалоого каршы экенин, аны президенттик жана парламенттик шайлоону өткөргөндөн кийин добуш берүүгө чыгарса болорун билдиришти. Мындан сырткары алар 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандыгына байланыштуу утулган партиялардын күрөөлөрүн кайра кайтарып берүүнү да талап кылышты

Алардын айтымында, кыймылга 15тей партия жана бир катар саясий уюмдар да кирген.

Эске салсак, 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы нааразылык акцияларынан кийин жокко чыгарган жана кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген. Парламент мыйзамга бул шайлоону Конституцияны өзгөрткөндөн кийин өткөрүү тууралуу өзгөртүү киргизип, аны президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өзүнүн жарлыгы менен бекиткен. Бишкектин Административдик соту Боршайкомдун кайра шайлоону 20-декабрда өткөрүү тууралуу чечимин жокко чыгарган. БШК жогорку инстанциядагы сотко кайрыларын айткан.

Садыр Жапаров парламенттик шайлоо 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында өтөрүн билдирген.

Количество просмотров: 70