Өлкөдө кооптуу абалда 245 мектеп бар. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.
«Учурда республика боюнча авариялык абалдагы 245 мектеп бар. Айрымдарынын курулушу мындан бир нече жыл мурда эле башталып, каражат бөлүнбөгөнүнө байланыштуу токтоп турат. Дубалы тургузулуп, чатыры жабылбай, жаан-чачында калып, четинен урай баштаган ондогон объекттер бар. Курулуш жаатындагы мамлекеттик саясатты кайра карап чыгып, приоритеттерди аныктап алуу зарылчылыгы келип чыгууда. Антпесе мамлекеттик казынага жүздөгөн миллион сомдук зыян келтирилиши мүмкүн», — деп айтылат министрликтин маалыматында.