• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Кыргызстанда 3294 диний уюм бар. Алардын ишмердүүлүгүнө ким жооп берет?

16 Тогуздун айы 2019 10:57 Бишкек Govori.TV

ЖКнын жалпы жыйынында депутат Руслан Казакбаев Кыргызстанда канча диний уюм бар деген суроо узатты.

Буга Кыргызстанда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов жооп берип, мамлекеттик комиссиянын каттоосунан өткөн 3294 диний уюм бар экенин айтты.

Анын айтымында, ал уюмдар Юстиция министрлигинен дагы каттоодон өтүп, күбөлүк алат.

Ал эми буга чейин Эргешов Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошевдин бул уюмдардын кийинки ишмердүүлүгүнө ким жооп берет деген суроосуна: «Дин уюмдардын кийинки ишмердүүлүгүнө “Кыргыз Республикасынын дин уюмдары жана дин тутуу эркиндиги жөнүндө“ мыйзамына ылайык, биздин комиссия жооп берет. Ал эми мыйзамда тыюу салынган 20 уюм экстремисттик- террордук деп табылган. Ошондой багытта болгон болсо биздин Коопсуздук комитет жана Ички иштер министрлиги жооп берет. Аларга сот аркылуу чаралар көрүлөт», — деп жооп берген.

Количество просмотров: 842