• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт

13 Баш оона 201910:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.08.2019.Govori.TV.

14-15-16-август күндөрү Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлайт.

“15-августта күндүз жана 16-августта түнкүсүн бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт”,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 13