• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Кыргызстанда акыркы суткада 91 адамдан COVID-19 табылып, 3 бейтап каза болду

4 Жетинин айы 2021 10:02 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 4-ноябрга карата коронавирус дагы 91 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 42, Чүй облусунда – 22, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 14, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 4 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 61 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 653 бейтап, амбулатордук түрдө 782 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 181 миң 590 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 953 киши айыгып чыкса, 2 миң 679 адам каза болду.

Количество просмотров: 86