• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстанда алгачкы жолу аралаш система менен парламенттик шайлоо өтүүдө…

28 Жетинин айы 2021 8:00 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-ноябрь Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарын шайлоо күнү.

Шайлоо тилкелери эртең менен саат 8:00дөн тартып кечки саат 20:00гө чейин иш алып барышат. Кыргызстандын аймагында жана чет жерлерге жалысынан 2494 шайлоо тилкеси уюштурулган.

Өлкө боюнча 3 миллион 700 миңден ашык жаран шайлоочулардын тизмесине киргизилген. Бирок алардын канчасы катышары белгисиз. Ал эми президент Садыр Жапаров жарандарды активдүү катышууга чакырып, а түгүл облус жетекчилерине «шайлоочуларды жетелеп алып келгиле» деген тапшырма койгон.

Бул жолу Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Ал эми шайлоочулар колдоруна 2 бюллетень алат, биринчиде жаран партияны жана анын ичиндеги бир талапкерди тандаса, экинчисинде бир мандаттуу шайлоо округунан талапкерлигин койгон адамды тандай алат.

Борбордук шайлоо комиссиясы берген маалыматка таянсак, партиялык тизме менен келе турган 54 мандатка 21 партиядан 1004 талапкер, ал эми бир мандаттуу округдардан шайлана турган 36 орунга 287 талапкер ат салышып жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясына бул жолу үгүт өнөктүгү учурунда мыйзам бузуу боюнча 157 арыз келип түшкөн. Алардын көпчүлүгү добуш сатып алуу, үгүт эрежесин бузуу жана административдик ресурс колдонууга байланыштуу. Ал эми 27 талапкерге эскертүү берилип, эки талапкер шайлоодон четтетилди.

Өлкөдөгү коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн 11 миңдей милиция кызматкери ишке тартылат. Мындан сырткары 5 миң кызматкер добушканаларды кайтарса, 2 миңдей тийиштүү кызматкер жолдогу коопсуздукту камсыз кылып берет.

Эске салсак, былтыр 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы элдин нааразылыгынан улам жокко чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан. Жаңы келген бийлик жаңы Конституция кабыл алып, өлкө президенттик башкарууга өткөн.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы мөөнөтүнөн бир жыл ашык иштеди.

Количество просмотров: 177