• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Кыргызстанда ажыга бара тургандарга эмдөө иштери жүргүзүлөт

7 Кулжа 201917:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.06.2019.Govori.TV.

10-июндан 20-июнга чейин Кыргызстанда ажыга бара тургандарга эмдөө иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

Белгилүү болгондой, эмдөө иштери Кыргызстандын баардык аймактарында, анын ичинде Бишкек жана Ошто жүргүзүлөт.

Ажылар айтылган мөөнөттө эмдөө албаса аларга виза берилбей турганы айтылды.
Кошумчалай кетсек, 2019-жылы Сауд Арабиясы Кыргызстанга 5510 ажы үчүн квота бөлгөн. Быйыл ажылык сапарга барчу адам 3000 доллар төлөйт.


Количество просмотров: 18