• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргызстанда базарларда сооданын эрежелерин өзгөртүү сунушталды

8 Үчтүн айы 2019 11:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.01.2019.Govori.TV.

Кыргызстан салык төлөөдөн качуу үчүн, базарларда сооданын эрежелерин өзгөртүү сунуштайт. Экономика министрлиги токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Сооданы тартипке келтирүү боюнча токтом- базарларда жана соода башкармалыгынын милдеттерин аткаруу менен өзүнчө бөлүмдү кошуу сунушталат.

Базарлардын жана ири соода түйүндөрүнүн дирекциялары имараттарды жана соода аянттарын документтери бар ишкерлерге соода же продукцияларды сактоо үчүн гана ижарага берүүгө милдеттүү.

Базарлардын дирекциясы мезгилдик жана майрам алдында айыл-чарба азыктарынын жарманкелерин уюштуруп бериши керек. Мындан тышкары алар соодаргерлерди (тез арада бузула турган азыктарды саткан, мисалы, эт, эт азыктары, сүт, сүт азыктары) атайын кийим менен камсыздашы зарыл.

Базар жетекчилери соода жайларына керектүү шарттардын баарын ордуна келтириши керек. Соода жайларында санитардык талапка, өрт коопсуздук эрежелерине жооп бере тургандай шарттарды түзүү жетекчиликтин мойнуна жүктөлгөн.

Теги:
Количество просмотров: 26