• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстанда бир суткада 10 өрт кырсыгы катталды

17 Жетинин айы 2021 10:11 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бир суткада 10 өрт кырсыгы катталды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Жалал-Абад облусунда 5, Баткен облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Ноокен районунун Масы айылында жыгач устундуу тунуке менен жабылган турак үйдүн 110 чарчы метри, 5 эшик, 5 терезе, 1 жумшак эмерек, 15 төшөк, 1 шкаф, 53 рейка күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле Тогуз-Торо районунун Чет-Булак айылында мектептин чатырынан өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө РЭТ кызматынан 2, ИИМден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардардан 30 адам, ЖЧК “Макмал Голд Компани” ишканасынан 1 даана өрт өчүрүүчү АЦ-30 автоунаасы тартылган.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 15-кичи районундагы “Азирети-Нух” мечитинин 18 чарчы метри, пол жана дубалы күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын чыңалуус

Количество просмотров: 102