• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстанда бир суткада 17 өрт кырсыгы катталды

29 Аяк оона 2021 11:04 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бир суткада 17 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 5, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 1, Нарын облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Жайыл районундагы Алтын айылында жалпы аянты 40 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Саада айылында жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 48 чарчы метр чатыры жана 600 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Нарын облусунун Нарын районундагы Таш-Башат айылында турак үйдүн короосунда жыйылган 400 түк чөп күйгөн. Өрт балдардын от менен болгон шоктугунан келип чыккан.

Количество просмотров: 73