Кыргызстанда алгачкылардан болуп боорун алмаштыруу операциясы жасалган бейтаптардын абалы туруктуу жана орточо оор абалда экени айтылды.
Саламаттык сактоо министрлиги жакшы жылыштар байкалып жатканын, бейтаптарда өт бөлүп чыгаруу процесси иштей баштаганын билдирди. Бейтаптарга керектүү болгон дары-дармек жетиштүү экени кабарланды.
«Донорлордун абалы туруктуу жана эч кандай даттануулары жок», — деп айтылат маалыматта.