• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Кыргызстанда имамдар никени атайы журналга каттап баштайт

12 Кулжа 201918:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.06.2019.Govori.TV.

Дин кызматкерлери кыйган ар бир никесин атайы Нике журналына каттап баштайт бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгынан кабарлашты.

Бүгүн, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев борбордук мечитте жыйын өткөрүп, Нике каттоо журналы тууралуу маалымат берди.

“Дин кызматкерлери нике кыярдан мурун никеге туруп жаткан түгөйлөрдүн паспортун талап кылууга тийиш. Жаңы мыйзамга ылайык, никеге туруп жаткандардын жашы 18 ге толбосо, дин кызматкери нике кыйбай коюуга акылуу”,-деп билдирди Максатбек ажы Токтомушев.

Кошумчалай кетсек, журнал юридикалык күчкө ээ болуп эсептелбей турганы айтылды.


Количество просмотров: 17