• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Кыргызстанда канча адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү?

9 Баш оона 2021 9:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 5 миң 777 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлады.

Анын ичинен 1 миң 850 адам вакцинанын биринчи дозасын, 3 миң 927 адам экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы эмдөөдөн өткөндөр 711 миң 119 га жетти, анын 539 миң 67си вакцинанын биринчи компоненти менен, 172 миң 052си экинчи компоненти менен эмделди.

Количество просмотров: 403