• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстанда канча адам коронавируска каршы вакцина алды?

29 Тогуздун айы 202110:54 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 11 миң 262 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 156 адам вакцинанын биринчи дозасын, 6 миң 106 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 969 миң 175 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 738 миң 903 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Количество просмотров: 148