• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргызстанда коронавирус менен ооругандардын санынын төмөндөгөнү белгиленди

17 Аяк оона 2021 11:45 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирус инфекциясы менен ооругандардын санынын төмөндөгөнү белгиленди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматтары боюнча, үстүбүздөгү жылдын акыркы үч айында катталган лабораториялык жана клиникалык жана эпидемиологиялык жактан тастыкталган коронавирус инфекциясынын саны июнь айындагы 22,6 миң учурдан август айындагы 12,1 миң учурга чейин азайды.

Үстүбүздөгү жылдын августунда коронавирус инфекциясынын катталган учурларынын эң көп үлүшү Бишкек шаарына (51%) жана Чүй облусуна (17%дан ашык) туура келди.

Ал эми августта июль айына салыштырмалуу калктын 100 миңине алганда оорулардын саны 3,1 эсеге, ал эми июнь айына салыштырмалуу 1,9 эсеге азайды.

Количество просмотров: 216