• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 38 жаңы учур катталды

6 Кулжа 2020 10:05 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 38 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди. 

Жаңы катталган бейтаптар:

— Бишкек шаарында 9 адам;

— Нарын облусунда 3 адам;

— Ош облусунда 2 адам;

— Ош шаарында 11 адам;

— Жалал-Абад облусунда 2 адам;

— Чүй облусунда 10 адам;

— Баткен облусунда 1 адам.

Ошентип өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 1974гө кишиге жетти.

Количество просмотров: 338