• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Кыргызстанда өлкө башчы да, өкмөт башчы да жок… Бийлик кимде?

13 Бирдин айы 2023 14:58 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда учурда өлкө башчы да, өкмөт башчы да жок. Тактай кетсек, президент Жапаров Венгрияга ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына учуп кеткен.

Президенттин Будапештке 12-февралда башталган расмий сапары 14-февралга чейин болоору кабарланган. Ал эми аны жубайы Айгүл Жапаровадан тышкары ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев, Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков, Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов, Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана Юстиция министри Аяз Баетовдор коштоп кетишкен.

Ал эми Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров болсо Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) иш сапары менен кеткен. Жапаров бул иш сапарында Бүткүл Дүйнөлүк Өкмөттөр саммитине катышары (World Government summit) жана “Туруктуу өнүгүүнүн максаттары аракетте”, “Шыктандыруучу диалогдорду тездетүү” панелдик сессияларында сөз сүйлөйт. Мындан тышкары, БАЭ жетекчилиги менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган.

Белгилей кетсек, Бүткүл Дүйнөлүк Өкмөттөр саммити 13-февралдан 15-февралга чейин уланат.

Учурда бийлик тизгини мыйзамга ылайык Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевде.

Кошумчалай кетсек, бир нече жыл мурун Кыргызстан башкы бийлик өкүлдөрүсүз калган учур болуп, бир катар сын кептер менен коштолгон. Бул жагдай жаңы мыйзам кабыл алууга себеп болуп, кабыл алынган мыйзамда премьер-министр жана спикер өлкөдө жок кезде президент чет жакка чыгууга укугу жок экени жазылган.

Количество просмотров: 434