• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстанда Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору түзүлдү

12 Баш оона 202419:10 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборун түздү. Тиешелүү токтомду Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 31-июлда чыгарып, ал мамлекеттик “Эркин-Тоо” гезитинин 6-августтагы санына жарыяланды.

Министрликтин маалыматына ылайык, аталган борбор Интернетте мыйзамсыз контентти аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди алып барат, Интернет мейкиндигин жөнгө салууда ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгат, ЖМК чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоого багытталган иш-чараларды маалыматтык жана уюштуруучулук жактан камсыз кылат.

Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 1-июлундагы №440 токтомунда белгиленгендей, мындай чечим жарандардын, юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу, аларды анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо максатында «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык кабыл алынган.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору жөнүндө жобо бекитилди.

Маданият министрлигине:

Маалыматтык чөйрөнүү изилдөө борборун жайгаштыруу үчүн жайды берүү жана
техникалык, коммуникациялык тейлөө менен камсыз кылуу;

Маалыматтык чөйрөнүү изилдөө борборун юстиция органдарында белгиленген
тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүү тапшырылды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Количество просмотров: 88