Кыргызстанда медициналык факультетте окугандардын 77 пайызын чет элдиктер түзөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул тапта Кыргыз Республикасында 23 жогорку окуу жай медициналык багыттарда адистерди даярдайт. Анын ичинен алтоосу мамлекеттик, он жетиси мамлекеттик эмес окуу жайлар болуп саналат.
Мамлекеттик медициналык ЖОЖдордун студенттеринин саны – 23012, мамлекеттик эмес медициналык ЖОЖдордун студенттеринин саны – 16839.
Медициналык студенттердин жалпы санынын 77 пайызы (же 31786 студент) – чет элдиктер, анын ичинен:
Мамлекеттик медициналык ЖОЖдордо 15308 чет өлкөлүк студент, мамлекеттик эмес медициналык ЖОЖдордо 16478 чет өлкөлүк студент билим алып жатат.
2021-2022-окуу жылында медициналык адистиктер боюнча жалпысынан 39851 студент билим алса, анын ичинен 2708 гранттык негизде, 37143 контракттык негизде окуп жатат.
Алдын ала маалыматтар боюнча 2022-жылы медициналык ЖОЖдорду 4386 адис бүтүрөт, анын ичинен 351 – бюджеттик негизде окугандар, 4035 – контракттык негизде окугандар.