• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстанда муфтийди шайлоо эки айга жылдырылды

31 Жалган куран 2021 11:30 Бишкек Govori.TV


Муфтийди шайлоо үчүн өтүүчү Кыргызстан мусулмандарынын кезектеги VII Курултайы 29-майга жылдырылды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Мындай чечим Аалымдар кеңешинин 30-мартта өткөн чукул жыйынында кабыл алынган.Аалымдар кеңешинин айрым мүчөлөрү алыскы облустарда жашагандыктан, чукул жыйын онлайн өткөн.

«Бул кызмат орундарга аттангандардын тыюу салынган диний уюмдарга тиешеси бар-жогун тактоо, айрым талапкерлердин жогорку билими боюнча документтерин кылдат текшерүү көп убакытты талап кылууда. Мындан сырткары, чагымчыл тараптардын мусулмандар үчүн маанилүү болгон Курултайды бузууга жасаган аракеттери жыйынды жылдырууга негиз болду», — деп айтылат маалыматта.

Ошону менен катар айрым адамдардын диний кастыкты жана регионалдык чагымчылдыкты козутуу максатында кысым жасоосу, комиссия төрагасын телефон аркылуу опузалоосу комиссиянын толук кандуу иш алып баруусуна жолтоо болгону кошумчаланды.

Количество просмотров: 64