• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстанда «Мугалимдер күнү» белгиленип жатат

5 Тогуздун айы 2018 9:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.10.2018. Govori.TV
Бүгүн билим берүү тармагынын өкүлдөрү үчүн майрам! 5-октябрь «мугалимдер күнү» катары жыл сайын белгиленип келет.
Бул күндүн тарыхына кайрылсак, ЮНЕСКО жана эл аралык Эмгек уюму 1966-жылдын 5-октябрында “Мугалимдердин абалы туурасында” көрсөтмө кабыл алган. Мугалимдердин эмгек тартибин аныктаган биринчи эл аралык документ иштелип чыккан. Бул күн жүздөн ашык өлкөдө салтанаттуу түрдө майрамдалат.
Кыргызстандагы мугалимдердин кесиптик майрамын 5-октябрда белгилөө тууралуу токтомго 2014-жылы, 30-октябрда КРнын ошол учурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгон. Буга чейин өлкөдө мугалимдердин кесиптик майрамы ар жылы октябрь айынын биринчи жекшембисинде белгиленип, ар кайсы датага жылдырылып келген.
Количество просмотров: 1725