• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыргызстанда сутка ичинде 13 өрт кырсыгы катталды

1 Баш оона 2022 10:43 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда сутка ичинде 13 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 5, Ош облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.

Ош облусунун Араван районундагы Зеленый мост айылында турак үйдүн бөлмөсүнүн 15 чарчы метр жыгач полу жана төшөктөр күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылында жалпы аянты 168 чарчы метр болгон жыгач устундуу тунике менен жабылган сарай толугу менен жана 300 түк чөп, 3 тонна бош чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда

Количество просмотров: 84