Кыргызстанда сутка ичинде 159 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарында – 17, Ош шаарында – 11, Чүй облусунда — 14, Ош облусунда – 14, Нарын облусунда 11, Талас облусунда — 10, Ысык-Көл облусунда – 20, Жалал-Абад облусунда – 37, Баткен облусунда – 25 бейтап коронавирустан айыкты.
Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 43 миң 957 адамга жетти.