• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргызстанда сутка ичинде 16 өрт кырсыгы катталды

30 Жетинин айы 2021 10:10 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда сутка ичинде 16 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 17 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 3, Ош шаарында 2, Ош облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 2, Нарын облусунда 1, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Ош шаарында Toyota Avensis үлгүсүндөгү автоунаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош шаарында Ош-Ноокат унаа жолунун 5-чакырымында Mersedes Benz үлгүсүндөгү унаа жана ичиндеги 2 тонна күрүч толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн аянты 32 чарчы метр ички бөлмөлөрү жана үй буюмдары толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Демилге айылында жыгач устундуу тунуке менен жабылган турак үйдүн аянты 32 чарчы метр болгон 3 бөлмөсү толугу менен күйгөн. Өрт тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу.нан келип чыккан.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен кичи аймагында жыгач устундуу шифер менен жабылган жалпы аянты 120 чарчы метр сарай, 6 баш бодо мал, 300 түк чөп жана 2 куб метр жыгач толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Ак-Жол айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн аянты 10 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 93