• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Кыргызстанда TikTok жабылбайт

19 Бештин айы 2023 16:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-декабрда маалымат жыйын учурунда Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Алтынбек Токторбаев бүгүнкү күндө TikTok бөгөттөлбөгөнү жана кадимкидей иштеп жатканын билдирди.

«Тик Ток социалдык тармагын Кыргызстандын аймагында бөгөттөө боюнча сунуш август айында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен берилген. Бирок Тик Токтун өкүлдөрү менен аталган министрликтин кандайдыр сүйлөшүүлөрүнөн кийин, социалдык тармакты бөгөттөө токтотулган. Азыр жабылбай эле турат», — дейт ал.

Токторбаев министрликте Тик Токту жабууга толук техникалык мүмкүнчүлүктөр бар экенин ырастады.

Эске салсак, 30-августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда Тик Токту колдонууга тыюу салган чечим кабыл алган. Министрлик буга Тик Токто балдардын саламаттыгына, психикалык өнүгүүсүнө зыян келтирген маалыматтар чектелбей, жаш курагынын категориясы көзөмөлдөнбөй жатканы себеп деп билдирген.

Количество просмотров: 69