• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кыргызстанда жалпы 1 021 бала бакча кадимки тартипте иштеп жатат

28 Үчтүн айы 2021 9:23 Бишкек Govori.TV

Учурда Кыргызстанда жалпы 1 021 бала бакча кадимки тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кадимки тартипте балдарга тарбия берип жаткан бакчалардын ичинен 633ү мамлекеттик болсо, 388и менчик бала бакчалар.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында 11 мамлекеттик, 250 жеке менчик бакча реалдуу режимде иштеп жатканы айтылды. Ош шаарында болсо 44 мамлекеттик, 20 жеке менчик бакча балдарга тарбия берүүдө.

Количество просмотров: 179