Бишкек.12.07.2019.Govori.TV
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы жасалма арак өндүргөн топту колго түшүрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта ылайык, Бишкек шаарындагы башкармалыгына “АЮ” брендинин өкүлү кайрылып, белгисиз адамдар аталган бренд менен жасалма арак өндүрүп жатканын айтып кайрылган.Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы тарабынан иликтөө жүргүзүп,натыйжада «Булька», «Главспирт», «Consul» аталыштагы ичимдиктер жана «Бишкек», «Семетей», «Кыргызстан» бренди менен чыгарылган 1000 даана арак жана коньяктар табылган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 229-берененин 1-бөлүгү боюнча (спирттик жана спирттик кошулмасы бар суусундуктарды мыйзамсыз чыгаруу) катталды.
Андан тышкары, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы мындай фактыларга күбө болгон жарандардын кабар берүүсүн өтүнөт.