• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыргызстандагы абал Голливуддун мафия тууралуу киносуна окшоп кетти. АКШнын элчиси кайрылды

5 Бештин айы 2020 17:21 Бишкек Govori.TV

Элчи Дональд Лунун Интерньюстун “Умтулуу” сыйлыгынын тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандагы болуп жаткан окуяларга токтолду.

Анын айтымында, акыркы 18 айдагы эң маанилүү окуя – Раим Миллиондун кылмыштуу империясы жөнүндө журналисттик иликтөө. Бирок ал эмне үчүн ушунчалык маанилүү?

«Уюшкан кылмыштуулук Кыргызстанда Совет мезгилинен бери эле болуп келген жана өнүккөн. Бирок ал өткөн жылга чейин ар дайым көмүскөдө жашап келген.
Azattyk, KLOOP, OCCRP, Factcheck.kg жана ондогон социалдык медиа
журналисттеринин тайманбас журналистикасы уюшкан кылмыштуулук жөнүндө коомдук талкууну баштады. Бул өкмөттү жооп берүүгө аргасыз кылды.
Бул кылмыштуу үй-бүлөнүн ач көздүгүнөн, күчүнөн жана колтийбестигинен кыргыз коомчулугу жийиркенди. Алар бул кылмышкерлер кыргыз коомчулугундагы коррупцияны кантип күчөткөнүн көрүштү. Мурунку УКМК жана парламенттик комиссия иликтеп, бирок эч нерсе тапкан эмес.
Мурунку бийликтин тушунда бир нече журналисттер сабалып, коркутулуп, түрмөгө камалган. Былтыр Раим Миллион медиаларга каршы жалаа жаап, алардын мүлкүн алдын-ала камакка алууга аракет кылган. Коомдук реакция катуу болду.
Андан кийин Мекеним Кыргызстан бийликке жок жерден көтөрүлүп, 4-октябрда добуштардын 24 пайызын жана парламенттеги орундардын дээрлик 40 пайызын
жеңип алган.

Чыныгы саясий партияларды парламентке киргизбөө кабыл алынгыс болгон. Андан кийин Убактылуу Садыр Жапаровдун чечимдерине таасир этүү үчүн уюшкан кылмыштуу топ тарабынан аракеттер көрүлдү. Алар интернет-троллдорду, көчөлөрдөгү бейбаштарды жана Кыргызстан лидерлерин күч менен коркутушкан.
Кыргыз эли жана Убактылуу өкмөт муну кабыл алууга болбойт деп билдиришти. 20-октябрда УКМК Раим Миллонду камакка алган. 22-октябрда алар Камчыбек Көлбаевди камакка алышты. Соттор Раим Миллонду өкмөткө 2 миллиард сом төлөп берем деген убадасынын ордуна үй камагына чыгарганы чын болсо дагы, бул
кадамдар башталат. Алар жетишсиз, бирок бул башталышы.
Бул Голливуддун мафия тууралуу киносуна окшоп кетти. Бирок сиз кино тасманын кандайча бүтөөрүн азырынча билбейсиз.
Кинонун кандайча бүтөөрүн айтып берейин. Өкмөт кылмышкерлерди жоопко тартат. Бул аларды жазалайт. Бул алардын кылмыштуу уюмдарынын кыргыз элинин ырыскысын уурдоодон коргойт. Бул кылмышкерлердин сиздин
балдарыңызды баңгизат менен ууландыруусуна жол бербейт. Бирок бул нерселер кайраттуу адамдар каршы чыкканда гана жасалат.
Бул журналисттердин, жарандык активисттердин жана ушул өлкөнүн эр жүрөк лидерлеринин иши. Жана ушул максат үчүн Кыргызстан эл аралык өнөктөштөрүнүн, анын ичинде АКШнын толук колдоосуна ээ болду.
Сиздерге кайрат жана эр жүрөктүк үчүн баарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Сиздер Кыргызстандын бардык эли үчүн күчтүү өлкө түзүп жатасыздар», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 4684