• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстандагы эки университет Борбор Азиядагы мыкты окуу жайлардын катарына кирди

16 Тогуздун айы 2019 11:23 Бишкек Govori.TV

Улуу Британиянын билим берүүгө адистешкен Quacquarelli Symonds компаниясы Европадагы жана Борбор Азиядагы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн эң мыкты делген университеттеринин рейтингин түздү.

Рейтингге жалпы 350 университет кирген. Кыргызстандан эки жогорку окуу жайы — Борбор Азиядагы Америка университети (АУЦА) жана Кыргыз-түрк «Манас» университети мыкты 190 жогорку окуу жайдын катарынан орун алган. АУЦА 163-орунда болсо, «Манас» университети 190-катардан орун алган.

М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети тизменин сап башында жайгашкан.

Мыкты окуу жайлардын тизмесин аныктоо бир нече көрсөткүчтөр менен жүргөн. Алар: университеттин академиялык репутациясы, жумуш берүүчүлөр арасында анын кадыр-баркы, илимий публикациялардын кызматкерлердин жана студенттердин санына карата жарыяланышы жана илимий даражасы бар окутуучулардын саны.

Quacquarelli Symonds – билим берүүгө адистешкен компания. Ал 1990-жылы Нунцио Куаквелли тарабынан негизделген.

Булак: Кабар.

Количество просмотров: 294