Германиянын улуттук майрамы — Биримдик күнүнүн урматына Кыргызстандагы Германия элчилиги атайы кабыл алуу уюштурушуп, ага бир катар белгилүү адамдар чакырылган. Анда КРдеги Германиянын элчиси конокторго кыргыз тилинде кайрылып, өз ыраазычылыгын билдирди.
Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков да Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайерди жана Федералдык Канцлери Ангела Меркелди Германиянын улуттук майрамы — Биримдик күнү менен куттуктаган.
«Эки өлкөнүн ортосунда ийгиликтүү саясий диалог жана кызматташуунун ар кандай деңгээлиндеги ишенимдүү байланыштар түзүлгөнүн канааттануу менен белгилейм. Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелери мындан ары дагы өнүгө берээрине ишенем. Сиздер менен болгон жолугушууларга жана Берлинде болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына абдан кубанычтамын. Ортодо жетишилген макулдашуулар эки элдин келечеги үчүн ишке ашырылат деп терең ишенем», — деп белгиленген куттуктоо телеграммасында.