• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026
An official in protective suits ensures the temperature of the foreign passengers disembarked from the quarantined Diamond Princess cruise ship before boarding to buses at a port in Yokohama, near Tokyo, Friday, Feb. 21, 2020. Passengers tested negative for COVID-19 started disembarking since Wednesday. (AP Photo/Eugene Hoshiko)

Кыргызстандагы коронавирус боюнча 22-мартка карата абал

22 Жалган куран 202021:27 Бишкек Govori.TV

Республикалык штаб түзүлгөн абал тууралуу маалымат таратты.

  • КР Коопсуздук кеӊешинин сунушуна ылайык, өлкө аймагына өзгө кырдаал режими киргизилди.
  • Республикада коронавирус жуктуруунун жаңы учуру катталган жок. Бардыгы болуп республикада COVID-2019 кабылгандардын саны 14 (6 эркек, 8 аял). Бейтаптардын жаш-курактары 25 жаштан 80 жашка чейинкилер, бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Бейтаптар менен байланышта болгон жактардын саны — 2628 адам.
  • Кыргызстандын 7 облусуна 14 санитардык-карантиндик пост орнотулат. Алар 2 нөөмөттө күнү-түнү иштешет.
  • ӨКМ жер-жерлерде бардык облустардын айыл-шаарларынын ички көчөлөрүн дизинфекциялоодо.
  • Өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине карабастан, мамлекеттик органдар көнүмүш иш графиги боюнча иштешет.
  • «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропорттору аэробекеттерге узатуучуларга жана тосуп алуучуларга кирүүнү убактылуу чектеди. Аэропорттордун имаратына билеттери бар жүргүнчүлөр гана өткөрүлөт.
  • Кыргыз Республикасынын чек арасынан өткөн жактарга карата карантиндик чаралардын шарттары өзгөрдү. Саламаттык сактоо министрлиги биринчи жана 2-категориядагы өлкөлөрдөн келген жарандарды 3 күнгө обсервация жайларына жөнөтүү чечимин кабыл алды.
  • Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык мэриясы жергиликтүү тигүү цехтери менен биргеликте беткаптарды тигип жатат. 6000 беткап даярдоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаты бөлүндү.
  • Саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жардам көрсөтүү үчүн бүгүнкү күндө бар каражаттар:
  • ✔Бир жолу колдонулуучу беткаптар – 400 миң даанадан ашык;
  • ✔Коргоочу костюмдар – 3900 даана;
  • ✔N95 же FPP2 коргоо даражасындагы респираторлордун беткаптары – 50 миң даана;
  • Өлкө аймагында коронавирус илдетин алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү үчүн КР Өкмөтү тарабынан кошумча 30 млн сом бөлүнүп, анын ичинен:
  • ✔1000 даана N95 респираторлор (мурун каптар);
  • ✔2200 даана коргоочу кийимдер;
  • ✔1000 жаан медициналык халаттар;
  • ✔ар бири 100 даана болгон 1200 даана колкаптар;
  • ✔20 миң даана медициналык маскалар сатып алынды.
  • Кыргызстандын аймагындагы коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча эсепке 5 млн 294 миӊ 358 сом түштү.
  • Өзгөчө кырдаалдын алкагында жарандардын коопсуздугун 6500ден ашык тартип сакчы камсыз кылууда, ИИМдин жеке курамы күчөтүлгөн режимде иштөөдө.
  • Санитардык-карантиндик посттордон бир да жаранды өткөрбөй жатышат жана Кыргызстан боюнча интернет өчүрүлөт деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Кимде-ким жалган маалыматтарды атайылап таратса, КР Кылмыш жана жаза кодексинин 344-беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
  • Беткап жана антисептиктерге суроо-талап көп болуп жаткандыктан Бишкек жана Ош шаарларындагы ишкерлерге 100 миң даана беткап чыгаруу буйрутмасы берилди.
  • Өлкө аймагында өзгөчө кырдаал жарыялангандыгына байланыштуу Ысык-Көл облустук ыкчам штабынын чечими менен дубанда адамдардын жана автоунаа каражаттарынын кирип-чыгуусуна убактылуу чектөө киргизилди.
  • Ирандан чыккан кыргыз жүк ташуучуларынын 60 айдоочусу менен туруктуу негизде байланыш түзүлдү.
Количество просмотров: 604