• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Кыргызстандагы тоо чокуларынын бирине Турдакун Усубалиевдин ысымы берилди

21 Тогуздун айы 201916:45 Бишкек Govori.TV

Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык Кыргызстандагы тоо чокуларынын бирине Турдакун Усубалиевдин ысымы берилди.

«20-октябрда Жаштар иштери боюнча агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев башында турган кыргызстандык альпинисттер Кыргыз Ала-Тоосунун борборундагы («Салык» мөңгүсүнүн жанындагы) бийиктиги 4 миң 650 метрге жеткен мурда аты жок болуп келген чокуга чыгып, ал жерге Турдакун Усубалиевдин ысымы жазылган тактаны орнотушту. Бул иш-чара Кыргыз ССР Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында уюштурулду», — деп айтылат маалыматта.

Экспедицияга команданын жетекчиси катары Жаштар иштери боюнча агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев, альпинисттер Михаил Даничкин, Андрей Алинов, Виктор Филинов жана дарыгер Асель Байбагышева катышты.

Кошумчалай кетсек, Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын бюджетинен аталган командага 45 миң сом бөлүнгөн.

Количество просмотров: 36