• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Кыргызстандан барган куткаруучулар бир адамды куткарып калышты

11 Бирдин айы 2023 11:45 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык куткаруучулар Түркияда урандылардын алдынан бир адамды аман-эсен куткарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Кахраманмараш шаарында бузулган имараттардын алдынан 6-күн дегенде бир адамды куткарышкан.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Количество просмотров: 251