Бишкек.25.04.2019.Govori.TV.
Кыргызстандык Мухаммед Али Хасанакунов Максим Галкиндин «Лучше всех» шоусуна катышып, өнөрүн тартуулады. Аны 21-апрель күнү Россиянын Биринчи каналы көрсөткөн.
Мухаммед Али 10 жашта, Оштун Кара-Суу районунун Таширов айылынан болот. Ал Жан-Клод Ван Даммдын чыныгы күйөрманы. Жөн эле күйөрман болбой, актёрдун бардык ыкмаларын үйрөнүп алган. Өзүнүн да каймана аты «Али Ван Дамм» экенин айткан.
Мындан сырткары, ал «Лучше всех» шоусуна катышуу үчүн атайын орус тилин да үйрөнгөнүн белгиледи.
Ал чимирилип, турникте бир колу менен түрдүү ыкмаларды жасап таң калтырган. Соңунда эки бутун жүк ташуучу унааларга таяп Ван Дамм сыяктуу шпагатка отурган.