Бишкек. 01.08.2019. Govori.TV
Мекке шаарындагы кыргызстандык ажылар үчүн атайын акысыз автобустар ишке киришти, — деп билдирет муфтияттын басма сөз кызматы.
Билдирүүгө ылайык, учурда Мекке шаарынын Дауар Кудей районунда кыргызстандык ажылар 8 жатаканага акысыз жайгашып, ажылыкка чейинки ибадаттарын аткарышууда.
«Ажылыр үчүн уюштурулган 8 автобус айланма жол аркылуу ажыларды мейманканадан ыйык Кааба мечитине алып барса, ал эми калган автобустар Кааба мечитинен өз амалдарын аткарып чыккан ажыларды мейманканаларга жеткирет», — деп айтылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө 6010 болочок ажы Мекке шаарында өздөрүнүн ажылыкка тиешелүү амалдарын аткарышууда.
Эскерте кетсек, быйыл Сауд Арабиясы Кыргызстанга 6010 квота бөлүп берген.