• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Кыргызстандык балбандар дүйнөлүк чемпионатка катышат

29 Теке 20199:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.07.2019.Govor.TV.

Кыргызстандын балбандары грек-рим, эркин жана кыз-келиндердин күрөшү боюнча кадеттер арасындагы дүйнөлүк чемпионатка катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган чемпионат Болгариянын София шаарында 29-июлдан 4-августка чейин өтөт. Кыргызстандын намысын жалпысынан 25 балбан коргоп, алардын сегизи кыздар.

Кошумчалай кетсек, спортчулардын аталган мелдешке катышып келүүсү үчүн Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекциядан 1 миллион 352 миң сом бөлүнгөн.

Количество просмотров: 29