• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Кыргызстандык үч окуучу химия боюнча эл аралык олимпиадада байгелүү орундарга татыды

21 Теке 202012:33 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык үч окуучу химия боюнча эл аралык олимпиадада байгелүү орундарга татыды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифингде билдирди.

Анын айтымында, химия сабагы боюнча Менделеев эл арадык олимпиадасы жыл сайын өткөрүлөт.

“Олимпиадага 20дан ашык өлкөнүн мектеп окуучулары катыша алышты. Кыргызстандан 4 окуучу катышып, Каракол шаарындагы Х. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 10-класстын окуучусу Нурсултан Соодонбеков күмүш, ошол эле мектептин окуучусу Камил Кубанычбек жана Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу Камил Мамбетов коло медалдарына ээ болушту”, — дейт ал.

Жусупбекова Будапешт шаарында өтө турган Менделеев олимпиадасы коронавируска байланыштуу онлайн режиминде өткөрүлгөнүн белгилеп кетти.

Количество просмотров: 75