• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Кыргызстандык мугалимдер Японияда акысыз окуй алат

13 Бирдин айы 20209:27 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык мугалимдер Японияда акысыз окуудан өтө алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандагы мектептердин башталгыч жана орто класстарынын мугалимдери Япония өкмөтүнүн бир жылдык агартуучулук программасына катыша алышат.

Талаптар:

  • 35 жаштан жогору эмес;
  • жалпысынан беш жылдан кем эмес мугалимдик тажрыйбасы бар.

Япон тилин кошумча үйрөнүүгө муктаждар Японияга барган соң алты ай ичинде курска катышат.

Талапкерлер билдирме-анкетаны 28-февралга чейин Япония элчилигине бериши керек.

«Талапкерлерди тандоо эки этап менен өтөт. 4-мартта жазуу түрүндө тест болот. 11-мартта маектешүү жүрөт. Япон тилин кошумча үйрөнөм дегендер аталган өлкөгө барганда алты ай бою тил курсуна катышат», — деп жазылат маалыматта.

Кенен маалымат жана керектүү документтерди шилтемеден таба аласыз.

https://www.kg.emb-japan.go.jp/itpr_ru/education_ru.html
Количество просмотров: 826