Бишкек.28.06.2019.Govori.TV.
Кыргызстандык Нуриддин Юнусов Өзбекстанда өткөн окуучулар арасындагы шахмат боюнча Азия чемпиондугунда алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Шахмат федерациясынан кабарлашты.
Маалым болгондой, 7 турдун жыйынтыгында окуучу 19 спортчунун ичинен биринчиликти алган.
Кошумчалай кетсек, мелдеш Ташкент шаарында 19-июндан 29-июнга чейин 7 жаштан 17 жашка чейин балдар арасында өтүүдө.